Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактардагы бөлүмдөрү “балага сүйүнчү” жөлөк пулун берүү үчүн арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мамкаттоонун маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, мекеме буга чейин өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өз ишин убактылуу токтоткон болчу. Аргасыз изоляция учурунда, өзгөчө абал киргизилген аймактардагы ата-энелер жаңы төрөлгөн балдардын туулгандыгын каттоо жана бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн арыз менен өз убагында кайрыла алышкан эмес. Буга байланыштуу, Мамлекеттик каттоо кызматы «балага сүйүнчү» бир жолку төлөөнү чектөөгө арыз кабыл алынаарын билдирет.