Пенсионерлерге "Тулпар" картасын берүү иши жанданды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарынын мэриясы жеңилдиктер каралган категориядагы жарандарга кызыл түстөгү "Тулпар" карталарын берүүнү жандандырды. 

Мэриядан билдиришкендей, карталар бериле турган ар бир түйүндө санитардык талаптар сакталган. Күнүнө чектелүү сандагы адамга берилет: райондук акимчиликтеги тейлөө борборлорунда күнүнө 80 адамга жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда 50 кишиге. "Тулпар" карталарынын артыкчылыгы: чыгымдардын ачыктыгы жана кагаз, тыйын акчаларды колдонбоо. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да кагаз акчаларды көп колдонбоону сунуштайт, - деп билдирет мэрия. Мэрия автобус жана троллейбустарга алдыңкы эшик аркылуу кирип, төлөм жүргүзүү керек экенин эскертет. Песионерлер "Тулпар" карталарын райондук акимчиликтерден ала алышат.