Апрель элдик революциясынын катышуучулары: "Бакиевге кечирим жок!"
Новость KTRK/videograp

Эки-үч күндөн бери социалдык тармактарга Курманбек Бакиевдин кайрылуусу тарап, анда ал “ошол каргашалуу күндөгү окуяга катышкан жарандарды кечирдим” - деп билдирген үчүн, 7-апрелде тынч жашап жаткан калкты атып кеткен адамдардын мындай кадамы дал ошол кандуу окуянын катышуучуларын кыжырдантууда. Бүгүн Бишкек шаарында экинчи ирет болгон маалымат жыйында, Апрель элдик революциясында курман болгон баатырлардын жакындары Бакиевдин кайрылуусун туура эмес деп эсептерин билдиришти.