Балдарды коргоо - келечектин камы
Новость КТРК

POST1RIGHT

Любовь Волкова 27 жылдан бери бала бакчада эмгектенип келет. Бала тарбиялоо ал үчүн жөн гана жумуш эмес, мойнуна жүктөлгөн чоң милдет деп эсептейт. Ал дагы башка бардык тарбиячылар сыяктуу эле ПЦР анализ тапшырды. Бул бала бакчалар ачылаар алдындагы негизги талап болууда.

Туура эки жарым ай жабык турган бала бакчалар 5-июндан тарта эшигин ача баштады. Бирок, бул бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелери өз ишмердигин жандантты дегендик эмес. Жумушун баштай турган ар бир бала бакча ага даярдык көрүшү керек. Анткени бакчага баруу эми мурдагыдан бир топ айырмаланат. Министрлик иштеп чыккан алгоритмдин негизинде, тиешелүү санитардык эпидемиологиялык талаптар коюлду. Эң негизгиси социалдык аралык так сакталышы керек. Балдардын дене табы текшерилип, колдорун тазалап анан киргизилет. Балдарын алып келген ата-энелердин ичкери кирүүсүнө тыюу салынат.

Борбор калаадагы ар бир бала бакча санитардык-эпидемиологиялык станция текшергенден кийин гана ачылат. Мындан тышкары, бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19 вирусуна текшерилет. Ал эми ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды бет кап менен камсыздоого жана аны туура тагынууну үйрөтүүгө тийиш.

Учурда Бишкекте бала бакчалардын балдарды кабыл алууга даярдыгы текшерилүүдө. Мектепке чейинки билим берүү жайлары эпидемиологиялык абалга байланыштуу 19-мартта жабылган. Алардын айрымдары 5-июндан тарта ачылды. Калгандарында ишти жандантууга камылга көрүлүп жатат. Текшерүүлөр уланып, даярдыгына жогору баа берилгенден кийин гана ачууга уруксат берилет.

Адистер ар бир ата-эне баласынын саламаттыгына байкоо салып турушу керек деп кеңеш беришет. Эгер бала сыркоолоп же дене табы көтөрүлсө, аны бакчага алып келүүгө болбойт. Мындай чара балдар арасында инфекциянын жайылышын алдын алат. Ал эми балдарды караган адамдар бар болсо, бакчага алып баруунун зарылдыгы жок экенин Билим берүү жана илим 

Билим берүү - балдарды коргоонун, аларга келечек жолун тандоодогу негизги шарты болуп эсептелет. Баланын алгачкы алган билиминен анын келечектеги ийгиликтери көз каранды. Мында мектепке чейинки билим берүү да негизги ролду ойнойт. Бул маселе быйылкы аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылында да актуалдуу болууда.

Бул арада өлкөдө үй бүлө институтун бекемдөө жана кароосуз калган балдарды коргоо иш аракеттери күчөтүлүүдө. Азыркы учурда бүткүл өлкө аймагында 130дан ашык балдар үйү бар, анда тоголок жетим балдар, ата энесинин бирөөсү жок же жашоо турмушу кыйын болгондуктан, ата энесинин арызы менен келген балдар бар. Бул үчүн президенттик аппараттын алдында интернат тибиндеги балдар үйлөрүн реформалоо боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Өлкөдө балдар үйлөрү менен интернаттарды реформалоо иштеринин жүрүшү тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованы кабыл алган учурда да сөз болду. Маанилүү жыйынтык берген иш-чаралардын бири - интернат мекемелериндеги балдардын маалыматтык базасын иштеп чыгуу аракети болду. Бул багыттагы 14 сунуштаманын 60 %ы аткарылган, калган бөлүгү ишке ашырылууда.

Өлкө башчысы ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүүнү, ошондой эле бейөкмөт сектордун мамлекеттик органдар менен үй-бүлө институтун бекемдөө, балдардын толук кандуу өнүгүшү үчүн натыйжалуу кызматташууну улантуу маанисин баса белгиледи. Балдарга сапаттуу билим берүү, аларды коргоо азыркы учурда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болууда. Анткени өсүп келе жаткан муундун тарбиясынан өлкөнүн келечеги көз каранды.