Фейктерге каршы мыйзам долбоору
Новость КТРК

POST1RIGHT

Фейк же жалган маалыматты таратуу - дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүн каптап бараткандай. Маалыматтык технологиялар заманында дүйнө мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстанда да соңку үч, төрт жылдан бери интернеттин айдыңында инсандын беделине шек келтире турган, мамлекетти жамандаган же коомдун пикирине таасир этип, компанияны каралаган фейк маалыматтар көп тарап жатат. Атүгүл жалган баракчалар аркылуу калп маалыматтарды таратып, бирөөнү каралаганды кесипке айлантып каражат тапкандар да арбыганы айтылып жүрөт.

Чын маалыматка караганда жалган маалымат желдей тарап, анын кесепетинен жапа чеккен жарандар арбыды, мамлекеттин аброюна көлөкө түшкөн да учурлар көп - дейт адистер. Мындан улам жалган жана бурмаланган маалыматтардын таасири күн сайын өсүп, чындык менен жалганды айырмалоо татаалдашууда. Буга байланыштуу көп мамлекеттер фейктер менен мыйзам аркылуу күрөшүүгө өттү. Маселен, Орусияда буга айып пулдун түрлөрү каралган. Так эмес маалыматты өчүрүүдөн баш тарткан веб-сайттарды бийлик жаап салууга укуктуу. Эгер жеке жактар жалган маалымат таратса 400 миң рублга чейин айып салынат.

Казакстанда өзгөчө кырдаал учурунда жалган маалыматтарды таратуу менен алектенгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Түркмөнстанда такыр эле Фейсбук жана вотсап пайдаланууга тыюу салынган. Анткени жалган маалыматтардын басымдуу бөлүгү социалдык тармактар аркылуу тарайт. Маселен апрель айында ФБда коронавирус тууралуу 50 млн фейк жаңылыктар катталган.

Европанын айрым мамлекеттеринде да фейк жаңылыктар үчүн катаал жазалар каралган. Жалган маалымат тараткан басылмаларга 50 млн еврого чейин айып салынат, ал эми маалымат каражаттарын пайдаланып кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирсе 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Андыктан адистер жалган маалымат таратууну чектөөдө чет мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуу керек деп эсептешет.

Кыргызстанда дагы жалган маалыматтарга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Демилгечилер, документте сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарынын ишмердиги жабыркабай турган жагдайды биринчи орунга алып чыгышкан. Документтин демилгечилери билдиргендей “маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзам долбоорунун башкы максаты интернетке жарыяланып жаткан жалган маалыматтардан мамлекет менен жарандарды коргоо.

Көп өлкөлөрдө жалган маалымат тартканга каршы мыйзамдуу күрөш жүрөт. Мисалы, Германияда коомчулукту адаштырган кабар үчүн миллион евро айып каралган. Мыйзам долбоорду иштеп чыгууда депутаттар жазанын айып түрүн киргизүүнү туура деп эсептейт.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде фейк же жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүүгө каршы эмес. Айтымында болгону бул аракеттер сөз эркиндигине каршы келбей тургандай болушу кажет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Гүлшат Асылбаеванын айтымында интернетте фейк маалымат тараткандарга каршы коомдук талкууга коюлган документтин маани-маңызы сөз эркиндигине эч кандай каршы келбейт. Башкы максат - интернетке жарыяланып жаткан жалган маалыматтардан мамлекет менен жарандарды коргоо.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда март айында күн сайын жалган маалымат тараткан 15 факты катталып турган. Талдоочулар калкты кыраакы болуп, калп менен чынды айырмалай билүүнү, социалдык тармактарда күмөндүү маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Фейктерге же жалган маалымат тараткандарга каршы мыйзам долбоору учурда коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун толук варианты Жогорку Кеңештин интернет сайтына илинген.