POST1RIGHT
Быйыл жогорку окуу жайларына кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Мектеп бүтүрүүчүсү атайын портал аркылуу окуу жайды, андагы факультетти тандап, документтерин каттоодон өткөрөт. Жалпы республикалык тестте топтогон упайы аркылуу канчанчы орунда экенине да онлайн байкоо жүргүзүп турат. Билим берүү жана илим министрлиги тиешелүү порталды даярдоо соңуна чыгып жатканын, жакынкы күндөрү адистер аны колдонуу боюнча окутуудан өтөрүн кабарлады.
Өлкөдөгү абалга байланыштуу мектеп окуучулары окуу жылын аралыктан билим алуу менен жыйынтыкташты. Классташтары менен бирге Нурия да Жогорку окуу жайына өтүү үчүн зарыл болгон Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн курстарынын жардамы менен даярдык көрдү. Келечегин экономикадан, ишкер чөйрөдөн издейт. Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 21-июнда башталып, ал үч этап менен өтөт. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билимин сыноо үчүн 180 борбор даярдалган.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 19-июлга чейин чыгарылып, 20-июлдан баштап жогорку окуу жайлары абитуриенттер үчүн эшигин ачат. Бирок учурдагы абалга байланыштуу окууга тапшыруу онлайн форматта жүргүзүлөт. Атайын портал даярдалып, аны колдонуу боюнча тиешелүү адистер окутулду. Ар бир абитуриент документтерин аралыктан эле каттоодон өткөрүп, топтогон упайы канчанчы орунда турганын үйүнөн эле байкаса болот.
Быйыл жалпы өлкө боюнча 58 миңдей окуучу 11-классты аяктоодо. Алардын 41 миңден ашууну жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоодон өткөн. Быйыл жалпы өлкө боюнча 58 миңдей окуучу 11-классты аяктоодо. Алардын 41 миңден ашууну жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоодон өткөн.