Кыргызстан көп улутка бай өлкө. Анда жашаган ар улуттун өкүлдөрү бири-бирине кыз берип, уул үйлөп ынтымакта жана биримдикте эриш-аркак болуп жашап келишет. Жалал-Абад шаарында дагы интернационал үй-бүлөлөрдүн катары арбын. Алардын бири Раимжановдордун бүлөөсү. Өзбек жигити кыргыз кызына үйлөнүп, жубайлар бирге түтүн булатып, азыр бактылуу чоң ата, чоң эне болуп турган чагы.
Кыргыз кызына үйлөнгөн өзбек жигити. Учурдагы очор-бачар үй-бүлө - Кыргызстан жаңылыктары
10 Июнь 2020
, 12:19
1658