Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү төмөндөдү - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-апрель айларында 1 млрд 753 млн долларды түзгөн. 

Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 21 %га төмөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети таратты. Ал эми импорттун көлөмү 31,4 %га төмөндөп, экспорт 2,7 %га жогорулаган. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен болгон соода алакасынын көлөмү 8 %га төмөндөгөн, же быйыл 4 айда 764 млн долларды түзгөн. 

Бул 2019-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 8 %га төмөн. Ушул эле биримдиктеги өлкөлөр менен экспорт 17,4 %га, импорт — 5,2 %га төмөндөгөн.