Белгилүү актёр Марат Жантелиев менен коштошуу зыйнаты
Новость KTRK/videograp

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди. 

Коштошуу зыйнатына анын жакындары, маданият ишмерлери, бийлик өкүлдөрү катышты. Маркумдун чыгармачылык ишмердиги, кино тармагына сиңирген эмгеги жана адамдык бийик сапаттары эскерилди. Марат Жантелиевдин илдеттен жабыркаганы көпчүлүккө билинген эмес. Анын каза болгону чыгармачылыкта бирге жүргөн замандаштары үчүн күтүүсүз болду. Өнөрдү аздектеген инсан алтымыш жашка чыкпай жарыкчылык менен коштошту.