POST1RIGHT
Коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар санитардык эрежерлерди бузгандыгы үчүн жабылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Тармактык мамлекеттик органдарга бул объекттерди текшерүүнү күчөтүү тапшырылды. «Маршруттук таксилерде жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири бет кап тагынса, бет капсыз түшкөнү арбын. Такси жана дүкөндөрдө деле ушундай эле кырдаал. Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт», - деди Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
Штабдын жыйынында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрмө жайлардын иши талкууланды. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө эл аралык аба каттамдарын жандандыруу, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрмө жайларды ачуу маселелери боюнча тийиштүү алгоритмин сапаттуу иштеп чыгуу зарыл. Тармактык органдарга иштин бул багыты боюнча тапшырмалар берилди. Саламаттык сактоо министирлигине өлкөнүн аймактарын тиешелүү лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу милдеттендирилди.