Борбор калаадагы дагы эки ресторан карантиндик эрежени бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Тойканаларга карата эреже бузуулар кодексинин "Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу" негизинде протокол түзүлгөн. Мында жеке тараптарга 3 миң, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул каралган.
Ошондой эле эпидемиологиялык абалды эске албастан кафе жана ресторандардын көбү шалаакы мамиле кылып жатканы айтылып, көп элдин катышуусунда той-аштар өткөрүлүп жаткан ресторандар бар экендиги белгиленди. Эске салсак , 11-июнда, чектөө киргизилгенине карабастан куран окутуу болгон ресторан айыпка жыгылып, жабылган.