Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу жанданат - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Кытайдын 139 жол куруучу адистери түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушун улантуу үчүн келди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады. 

Баардык адистер кытайдан ковид-19 илдетине анализ тапшырышкан, андан сырткары “Манас” эл аралык аэропортунан дагы санитардык көзөмөлдөн өтүшкөн. Алар обсервациядан чыккандан кийин альтернативалык жолдун курулушун башташат. Быйыл эки фаза боюнча 22 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 500 метрге чейин туннель куруу пландалууда.

Эскерте кетсек, түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу 2014-жылы башталган.