Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус пандемиясы учурунда ишсиз жана акчасыз калган жарандарды убактылуу иш менен камсыздоону сунуштап жатат.
Токтом долбоору коомдук таркууга коюлду. Акы төлөнчү коомдук жумуштарга кирүү үчүн иш менен камсыздоо кызматына катталуу керек. Долбоордун алкагында 20 миңдей киши тартылат. Алар 5 миң сомдон айлык акы алышат. Бул үчүн бюджеттен 200 миллион сом талап кылынат. Анда мектеп, бала бакча, китепкана, оорукана, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо, эл каттоо, социологиялык иликтөөлөр, архитектуралык эстеликтерди, музей комплекстерин, социалдык-маданий объектилерди реконструкциялоо, эс алуу, туризм, токой чарбаларды жашылдандыруу, суу, газ түтүктөрү, канализация сыяктуу коммуникациялык каналдарды жана жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо, айыл чарбасындагы сугат иштери жана башка жумуштар жасалат.
Ошондой эле программага ишсиз катары каттоодо тургандар дагы катыша алат. Жарым жылдан бери ишсиз жүргөн жана бойго жете элек үчтөн ашык баласы барларга артыкчылык берилет.