Жайыт талашка чекитти комиссия коёт
Новость КТРК

POST1RIGHT

Нарын облусундагы жайыт талашты чечүүчү өкмөттүк комиссиянын курамына бир нече министрликтер менен ведомство өкүлдөрү кирди. Алар талаштуу маселе боюнча жерине барып, жергиликтүү элдин үнүн уккандан кийин гана чечим чыгарышат.

Нарын облусунда Нарын районунун Жерге-Тал жана Миң-Булак айылдары менен Кочкор районундагы Ак-Кыя, Исакеев айылдарынын ортосундагы түшүнбөстүк жайыт талашуудан келип чыккан. Эми бул маселени өкмөттүк деңгээлде түзүлгөн атайын комиссия карамак болду. 

Эми бир нече министрлик менен ведомстволордон өкүлдөр кирген комиссия жерине барып, жергиликтүү элдин пикири менен дагы эсептешип, маселенин чоо-жайын так иликтеп чыккандан кийин гана чечим чыгарууну көздөп жатат.

Кыргызстандагы жайыт реформасынын атасы аталып, Борбор Азия мамлекеттери арасында Кыргызстандын ийгилик, даңкын чыгарган эксперттердин бири Абдималик Эгембердиев. Адистин айтымында Нарындагы айыл өкмөттөрү ортосундагы жайыт пайдалануу маселеси өкмөт башчынын деңгээлине чейин көтөрүлбөй эле жергиликтүү эл чечип койчу маселе болчу. Анткени маселе кантип чечилери өлкөнүн "Жайыттар жөнүндөгү" мыйзамында жөнөкөй эле тил менен так жазылып турат. 

Нарындыктардын жайыт пайдалануу маселесин чечүү үчүн түзүлгөн комиссия эртең теңир-тоого жөнөп кетишет.