POST1RIGHT
Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маяна жана башка социалдык төлөмдөр өз убагында, толук көлөмдө төлөнүп берилүүдө. Бул тууралуу каржы министринин орун басары, борбордук казыналыктын жетекчиси Марлен Амандыков билдирди. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган дарыгерлер, күч органдарынын кызматкерлерине кошумча каражат төлөнөт.
Жугуштуу илдетке байланыштуу быйыл республикалык бюджеттин таңсыктыгы былтыркыга салыштырмалуу жогору болууда. Акыркы 5 айдын жыйынтыгы менен киреше 41 млрд сомго жакындады, ал эми чыгаша 54 млрд сомдон ашып, 2019-жылга караганда 2 млрд 800 млн сомго көп болду. Бирок, бул жагдай каржы министрлигине социалдык төлөмдөрдү аткарууга таасирин тийгизген жок. Мугалим, дарыгерлер жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маяна, андан сырткары жөлөк пул толук төлөнүүдө.
Айлык маяна жана жөлөк пулдан сырткары, коронавирустун кесепети менен күрөшүүгө тартылган дарыгерлер жана күч органдарынын кызматкерлерине кошумча төлөмдөр белгиленген. Саламаттыкты сактоо министрлигинен, дарыгерлерге май айына чейинки кенемтелер толук төлөнүп берилгенин билдиришти. 3 айда 10 миңден ашык кызматкерге 259 млн сом төлөнгөн.
Азыркы учурда дарыгерлерге июнь айына төлөнчү кенемтелердин көлөмү эсептелип, кызматкерлерин саны такталып жатат. Жыл соңуна чейин кошумча төлөмдөр үчүн саламаттыкты сактоо министрлигине 700 млн сомдой керектелет.
Ошондой эле, өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөм толугу менен берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мыйзамда, өзгөчө абал шартында өз тапшырмаларын аткаргандарга кызмат орду менен аскердик наамына жараша үч эмгек акы өлчөмүндө маяна төлөп берүү каралган. Учурда кызматкерлердин иш убактысы боюнча табель толтурулуп, кошумча каражатты төлөп берүү өтүнүчү Каржы министрлигине жөнөтүлгөн.
Андыктан өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлер, кошумча төлөмдөрдү жакын арада колго алышат. Каржы министрлиги социалдык төлөмдөрдү үзгүлтүккө учуратпоо максатында анын каржы булактарын аныктоо, эсеп чот иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.