POST1RIGHT Бүгүн Түштүк Кореядан кыргызстандык жарандар кайтып келди. «Air Astana» авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу Кыргызстандын 3 жараны Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен Бишкекке алып келинди.
Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат.