Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, коронавирус инфекциясы пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча чаралар талкууланды. Сооронбай Жээнбеков Анна Бьердени жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, Дүйнөлүк банк өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өлкөнүн артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Мамлекет башчысы кыргыз тараптын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жигердүү жана тыгыз кызматташууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.
Дүйнөлүк банкка илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга биринчилерден болуп колдоо көрсөтүп баштагандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди. Президент пандемияга карабастан, энергетика, айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду өз маалында ишке ашыруу боюнча жигердүү ишке даярдыгын айтты. Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти кызматташтык үчүн ыраазычылык айтып, кыргыз тараптын Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсеси менен активдүү өз ара кызматташуусун канааттануу менен белгиледи. Коронавирустун кесепеттери менен күрөшүү азыркы тапта Дүйнөлүк банктын ишмердүүлүгүндө артыкчылык берилген багыт. Бүгүнкү күндө банк тарабынан пандемия менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 21 млн доллар бөлүнгөн.
Мындан сырткары, экономиканын төмөндөө шартында кризиске реакция кылып, калкка социалдык колдоо көрсөтүүдө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы долбоорлор даярдалып жатат.