Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында тыгын жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Чалдыбар - авто жол" жана "Кең-Булуң - авто жол" өткөрүү жайларынын ишке кириши менен "Ак-Тилек - авто жол" өткөрүү жайынын иши жеңилдеп, оор жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз, кезек күтүүсүз өтүүдө. Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы төрт көзөмөл-өткөрүү жайы, же Чүй облусундагы "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Кең-Булуң" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" өткөрүү жайлары иштеп жатат. Мунун ичинен "Ак-Тилек" менен "Чоң-Капка" бекеттери жарандарды да, жүк ташуучу унааларды да өткөрүүдө. "Чалдыбар" бекети аркылуу жүк ташуучу унаалар гана киргизилип-чыгарылса, "Чоң-Капка" алардын Кыргызстандан чыгып кетишин гана тейлейт. Темир жол жүктөрү "Кайыңды - темир жол" бекети аркылуу кирип-чыгат.