Мэрия Бишкектеги жайма базарлардын ишмердүүлүгүнө тыюу салды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы велосипедди ижарага берүүчү, балдар ойноочу батуттардын жана жайма базарлардын ишмердүүлүгүнө 16-июндан тартып тыюу салынды. Бул тууралуу буйрукка калаанын вице-мэри, Жарандык коргоо комиссиясынын жетекчиси Азиз Алымкулов кол койду. Вице-мэр, санитардык нормалар сакталбагандан улам ушундай кадамга барып жаткандарын айтты. Мыйзамга баш ийбегендер Бузуу кодексине ылайык, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул төлөйт.

"Бишкекте иштеп жаткан жайма базар көрсөңүздөр 18 40,18 50 телефон номерине чалсаңыздар барып алып коебуз. Батуттар сөзсүз уруксат менен иштеши керек. Кайсыл маалда иштээрин өзүбүз айтабыз",- деди Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова.