Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланууда
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. 

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралууда. Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.