Коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн. Ага каршы чара көрүүчү даярдык иштерин күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Муну менен катар Өкмөт башчы аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатканын айтып, аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облус жетекчилеринин жоопкерчилиги чоң экендигин эскертти.