Коомдук мамлекеттик ишмер Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Белгилуу болгондой ал 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн. Болот Шер Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы Убактылуу өкмөттө ички иштер министри кызматын аркалаган. Болот Шер 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Пушкин айылында туулган. Артында эки уул, эки кызы калды.