Чүй облусу боюнча коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 19-июнда облус боюнча 187 миң погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 35 куткаруучу тартылган . Иш-чара уланууда.