Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата республикалык театрлардын телефестивалы өтөт.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата республикалык театрлардын теле фестивалын өткөрөт. Телефестивалга республикадагы бардык театрлар катышып, Улуу Ата- Мекендик согуш темасын эске салган спектаклдерди тартуулашат.
Фестиваль учурдагы абалга ылайык онлайн форматта өтүп, анын жүрүшү 22-июндан тартып 28-июнга чейин күн сайын саат 12:00дө жана 19:00дө КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил", "ЭлТР" телерадиокомпаниясынын "Илим жана билим" каналдарында жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук баракчасында көрсөтүлөт.
Эске салсак, Улуу Ата- Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталган.