Коронавируска чалдыккандардын пикири
Новость КТРК

POST1RIGHT

Коронавирусту жуктуруп алгандар туурасында социалдык тармактарда "вирус жуктуруп алгандарга акча төлөнүп берилген, алар коронавирустун бар экени туурасында атайылап маалымат таратууда" деген жалган маалыматтар таркаган. Алар пандемияга байланыштуу маалымат компаниясын жалганга чыгарып, мамлекеттин ишине бөгөт болуп жатканда, коронавируска кабылгандардын саны саат сайын өсүп, өлүм менен коштолууда. Кабарчыбыз Айжамал Болот кызы эмне себептен айрымдар текшерилбеген булактардагы жалган маалыматтарга ишенип жатканын билүүгө аракет кылган.

ЗКТ: Коронавирусту жуктуруп алгандардын арасында белгилүү журналист Марина Ким да бар. Ал КОВИД-19 вирусунун жеңил түрүнө кабылып, учурда үй карантининде. Азыркы тапта абалы туруктуу экенин айтып, ага карата айтылган ар кандай жалган маалыматтар тууралуу биздин каналга видео байланыш аркылуу бөлүшүүнү туура көргөн. Себеби, оору менен алпурушуп жаткан адамдын саламаттыгын сурагандын ордуна, акча алып жок ооруну чыгарып атасыңар деген кине тагуулар болгон.