Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы онлайн байланышта иш алып барууда
Новость KTRK/videograp

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бардык жабык жайларында видеокамералар коюлган. 

Алар Талдоо жана мониторинг борбору аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөнүп турат. Бул сапар мекеменин атайын комиссиясы жабык жайлар менен онлайн байланышта иш алып барды. Анда комиссия ар бир соттолуучу тууралуу толук маалымат алып, соттолгондорду мекемелер арасында бөлүштүрүүнү карады жана түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жөнүндө чечим соттолгондун жүрүм-турумун, анын жаза өтөө мезгилинде эмгекке, окууга болгон мамилесин жана реабилитациялоо программаларына катышуусун эске алуу менен кабыл алды. 

Атайын комиссиянын төрагасы Асхат Эгембердиев мындай иш алып баруу убакытты эле эмес, каражатты да үнөмдөй турганын айтты. Атайын комиссиянын иши да жөнөкөйлөштүрүлүп, өлкөнүн региондоруна иш сапарларга баруу кыскарган.