Нарын облусу Жумгал районунда 23-июнь күнү саат 14:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Чаек айылында жайгашкан 5 турак үйдүн ичине кирип, 11 турак үйдүн короолорун каптаган.
Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, 20 куткаруучу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды.
Тартылган күчтөрдүн жардамында 5 турак үйдүн ичине кирген сууларды мотопомпанын жардамында сордуруп жана 11 турак үйдүн короолорун тазалап беришкен.
24-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.