Санитардык талаптарды сактоо маанилүү - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында коомдук транспорттордогу санитардык талаптардын сакталышын текшерүү бул сапар Жибек жолу көчөсүндө уланды.

Атайын түзүлгөн мобилдик топтун айтымында, коомдук унаага бет кап тагынып түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп калды. Бирок саламаттыгына кайдыгер карагандар да жок эмес.

 Бул жолку текшерүүгө жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын биринин жетекчиси да катышып, абалга өзү да күбө болду. Коомдук унааларда санитайзерлер орнотулуп, айдоочулар санитардык талаптарды сактоого аракет кылууда.

Свердлов районундагы текшерүүнүн жүрүшүндө каттамдагы эрежелерди сактабаган 3 маршруттук унаага протокол түзүлдү.

 Борбор калаадагы төрт райондо атайын мобилдик топ иштеп жатат. 1-июндан бери Свердлов районунда коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн 50дөн ашык протокол түзүлгөн.