Күн сайын атайын адистер тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейддин жыйынтыгында базардагы чоң жана кичи дүкөндөр санитардык эрежелерди так сактабай жатканы маалым болду. Өзүнүн саламаттыгын тобокелге салган сатуучулар өңгөнүн да ден соолугуна кайдыгер караган учурлар арбын.
Текшерүүнүн жүрүшүндө талапка жооп бербеген дүкөндөргө 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин айып пул салынды. Айрымдарына адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чектелди.