Жалал-Абад: талапка жооп бербеген кафелер жабылды
Новость

Жалал-Абад шаарында санитардык талаптарга жооп бербеген 6 кафе убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти. 

Калаадагы тамактануучу жайлардын санитардык талаптарды аткаруусу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Курамында шаардын вице-мэри Болот Узакбаев турган атайын комиссия кафе, чайкана жана башка тамактануучу жайларды текшеришкен. Анын жыйынтыгында санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 6 тамактануучу жай убактылуу жабылды.