POST1RIGHT
Өзгөчө абал режими эпидемиологиялык абал өтө начарлап кеткен учурда киргизилет. Өкмөт бул кырдаалга жеткирбеш үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Өкмөт башчы "118" кызматынын линиясы менен мобилдик топторду дагы көбөйтүүнү тапшырды. Ошондой эле колл-борбордун операторлору элге психологиялык жардам дагы бериши керектигин белгиледи.
Түз байланыштагы 118 кызматына чалуулардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бирок кайрылгандын бары коронавирус эмес, кадимки сасык тумоого чалдыккандар дагы чалууда. Анткени коомчулукта вирусту жуктуруп алган жокмунбу деген кооптонуу бар. Андыктан жарандарга психологиялык жактан жардам берүү керек. Муну айткан Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга бул багыттагы ишти тез арада жүзөгө ашыруу тапшырмасын берди.
Саламаттык сактоо министирлигинин өкүлдөрү COVID-19дун белгилери билинсе, жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге чалууну сунушташат.
Алар кеңеш берип, зарылдыгына жараша тиешелүү дарылоо курсун дайындашат.
Өзгөчө абал режими эпидемиологиялык абал өтө начарлап кеткен учурда киргизилет. Өкмөт бул кырдаалга жеткирбеш үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Бирок ошол эле учурда жарандар дагы социалдык жоопкерчиликти сезе билиши керек. Эгер адамдар тоңмоюндук кылып, талаптарды сактабай, анын кесепети тийгидей болсо тыюу салуучу карантиндик чаралар киргизилет.
Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында илдетти жуктургандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кошумча орундарды даярдоо тапшырмасы берилди. Бишкектин медициналык мекемелери толуп калган шартта жарандар Чүй облусундагы ооруканаларга жаткырылат, - деди өкмөт башчы.
Бишкекте коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны кескин жогорулап жаткандыктан, медицина кызматкерлери күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алы