Алай районунун айылдарына бийиктиги 22 сантиметрге жакын кар жаагандыктан, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров шашылыш жыйын өткөрүп, тиешелүү жетекчилерге көрсөтмө берди. Эске салсак, 28-июнга караган түнү Алай районунун Сары-Таш айылында жааган жамгыр карга айланган. Ал 28-июнь күнү түшкө чейин уланып, 22 сантиметрге жеткен. Мындан улам министр Аскаров тийиштүү жетекчилер менен жыйын өткөрүп, жеринде эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалыматты укту.
Ошондой эле ал адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн ӨКМдин башкармалыктарынын башчыларына жергиликтүү бийлик органдары менен тез арада алдын ала чараларды көрүү тапшырмасын берди.