Каракол шаарындагы шамалдан келтирилген чыгым 394 миң 550 сомду түздү
Новость КТРК

POST1RIGHT

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 27-июнда күндүзгү саат экилер чамасында секундасына 25 метрге жеткен шамал катталып, мейманкананын кампасынын 475 чарчы метр түзгөн темир чатырын учуруп кеткен. 

Жабыркагандар жок. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, комиссия тарабынан акт түзүлгөн. Шамалдан келтирилген чыгым 394 миң 550 сомду түзгөн.