Бишкекте 118 кызматынын колл-борбору №2 орто мектептин имаратына көчүрүлдү
Новость www

POST1RIGHT

Борбор калаадагы 118 кызматынын колл-борбору №2 орто мектептин имаратына көчүрүлдү. Себеби бул кызмага тартылган операторлордун саны көбөйгөнүнө байланыштуу башка жака көчүрүлдү. 

Учурда 40 клиникалык ординатор, ыктыярчы медик күнү-түнү телефон чалууларга жооп берип жатат. Алар шаар тургундарына Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча кеңеш берүүдө. Ошону менен бирге мэрия Саламаттык сактоо министрлигинин 28-июндагы буйругуна ылайык, мобилдик бригадалар чалуу түшкөн үйгө барып ПЦР-тест албай турган болгону айтылат. Алар бейтаптын абалын текшерип алгач диагнозун аныктайт.