Кошумча орундуктар маселеси чечилүүдө
Новость www

Коронавирус илдетин дарылоодо бүгүнтөн тартып кошумча орундар Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицейде да ачылып жатат. Бул тууралуу 1-июлда Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. POST1RIGHT

Анын айтымында, жалпысынан ал жерде 150 керебет даярдалды, азыр тийиштүү медициналык жабдыктар жана кызматкерлер менен камсыз кылуу маселеси талкууланып жатат. “Керебет гана эмес, ал жерде штативдер, медициналык аппаратура жана медицина кызматкерлери керек. Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта иштерди жүргүзүүдө - деди Каратаев.