POST#RIGHTСанитардык-гигиеналык эрежелерди сактабаган ишкердик субъектилердин кожоюндарына айып пул салынат. Бишкектин Ленин райондук администрациясы тиешелүү кызматтар менен биргеликте коронавирустун жайылуусунун алдын-алуу багытындагы текшерүү иштерин күчөттү. Анын натыйжасында санитардык талаптарды аткарбаган дүкөн ээсине айып пул салынды.