Борбор калаадагы №2 орто мектептин базасында ачылган 118 жаңы колл-борборуна болгон чалуулардын саны 20 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди. POST1RIGHT
Анын айтымында, 40 орунга ылайыкталган колл-борбордо опереторлор тынымсыз иш алып барууда. Жалпысынан 118 кызматында 120 адам күнү-түнү кызматта. Мындагы ординаторлор менен жаш дарыгерлер ыктыярдуу негизде 118 кызматында иштеп жатышат. Алар бейтаптар менен иштөө боюнча атайын окуудан да өтүүдө.