Жалал-Абад шаарында коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Новость mvd.kg

Жалал-Абад ШИИБи тарабынан шаар аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу багытында иш пландары түзүлүп, анын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан маалымдашты.


Милиция кызматкерлери автоунаалардагы санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алышты. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына жарандарды унаага салууда бет кабы жокторду чыгарбоо керектиги айтылды.


Өздөрү жеке гигиенаны сактоо менен антисептикалык каражаттарды колдонуп, унаа салонуна көп адам салбоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле кийим жана жашылча саткан базарлар, тигүү цехтери, ашканалар текшерүүгө алынып, жугуштуу илдеттин күн санап көбөйүп жатканын эске алуу менен санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо керектиги жеткирилди. Милиция кызматкерлери сатуучуларды жарандар менен болгон мамиледе этият болууга чакырышты.