Өлкөдө соңку бир сутканын ичинде 31 адам пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Ал эми кечээ ушул эле өпкөнү сезгенткен оорудан 23 адам кайтыш болгон. Бүгүнкү статистикалык маалыматты кошуп эсептегенде каза болгондордун саны 151 кишиге жетти.