Бүгүн, 5-июлда саат 19:00дө медиктердин урматына флешмоб өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Флешмобко катышууну каалагандар, кечки саат 19:00дө көчөгө чыгып кол чабышат, ал эми автоунаадагылар сигнал беришип, дарыгерлерге ыраазычылыгын билдиришет.
Флешмобтун максаты, пандемияга каршы күрөшүп жатышкан дарыгерлерге дем күч берүү болуп саналат.