Бишкек шаарында пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2062 орун даярдалды
Новость www

“Бишкек шаары боюнча пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2062 койко-орун даярдалды. Белгилеп кетсем, көпчүлүгү реанимациялык блогу жана шарттары бар "Ганси" базасындагы стационарга барууну каалашпай жатат”, - деп билдирди М.Каратаев.



Ошону менен бирге, стационарлар үчүн орнотулучу жабдыктардын жетишсиздигин белгилеп өттү. Министрдин орун басары ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткан кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди. 



Белгилесек, кечээ республика боюнча бөлүштүрүлгөн медициналык жабдуу алынган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын стационарларына бөлүнгөн.