Оштон Бишкекке компактуу реанимациялык курулуштан түзүлгөн талаа госпиталы жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек: Талаа госпиталы медициналык жабдуулар жана ыкчам керектүү шаймандар менен жабдылган.
Госпиталь 10 дарыгердин жана көмөкчүлөрдүн иштешине эсептелген. Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана товар сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот.
Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн. Ыкчам талаа госпитал 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат.