Бир сутка ичинде 118 кызматына 7 миң адам кайрылды
Новость www

POST1RIGHT

Бир сутка ичинде 118 ыкчам байланыш номуруна 6 миң 687 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 317 жаран коронавирустун белгилери пайда болгонун айтып, жардам сурап кайрылган. 

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей негизинен 4 миң 316 адам медициналык кеңештерди алды. Сурап-билүү борборунда медициналык кызматкерлерден турган 40 киши 24 саат бою кайрылгандарга кеңеш берүүдө.