Бишкекке аймактардан 106 медицина кызматкери келди
Новость www

Бишкекке аймактардан 106 медицина кызматкери келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. 

Айтымында, Бишкектеги жана Чүй облусундагы оор кырдаалга байланыштуу дарыгерлердин жалпы мобилизациясы жарыяланган. Борбордогу кесиптештерине көмөк көрсөтүү үчүн Ысык-Көл облусунан - 35, Талас облусунан - 23, Нарын облусунан - 20, Чүй облусунан - 4, Баткен облусунан - 5 жана Россиядан 23 медицина кызматкери келди. Акматова кошумчалагандай, аймактардан көбүнчө медициналык орто персоналдын өкүлдөрү келишкен жана зарыл болсо, алар өз аймактарына кайтышат.