Өлкөгө дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алынып келди
Новость www

Өкмөт тарабынан сатылып алынган кычкылтек концентраторлордун экинчи бөлүгү өлкөгө келди. Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Кытайдагы Элчилигинин ыкчам иш алып баруусунун натыйжасында мобилдик концентраторлордун экинчи бөлүгү кыска мөөнөттүн ичинде республикага жеткирилди. POST1RIGHT

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамина Каратаевдин айтуусунда кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронаривирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү кагынып ооруган бейтаптар дарыланып жаткан медициналык мекемелерге таратылып берилет. Жабдуунун көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларына, 20 аппарат Ысык-Көл облусуна жиберилет.