Исфанада күндүзгү стационар үчүн 40 орун даярдалды
Новость www

POST1RIGHT

Исфана шаарында күндүзгү стационар үчүн 40 орун даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Исфана шаарындагы Ак-Чыйыр билим берүү борборунун базасында, бардык шарты бар 40 орундуу жай даярдады. 

Бейтаптар анда алгачкы медициналык жардамдарды алышат. Бул жайда эмгектенген медициналык кызматкерлерди коргонуучу каражаттар, тамак аш менен толук камсыздалат.