Жалал-Абадда күндүзгү стационар үчүн 1 246 койко-орундук даярдалды
Новость www

POST1RIGHT

Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө күндүзгү стационар үчүн 1 246 койко-орундук даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, азыркы учурда Жалал-Абад облусу боюнча жалпы койко-орундуктардын саны - 399, мындан сырткары, ооруканада кошумча - 854 орундук даярдалган.

Ошондой эле күндүзгү стационарларда бейтаптарды кабыл алуу үчүн 1246 орундук даярдалды. Облус боюнча 372 кычкылтек концентратору бар. Жакын арада кычкылтек концентраторлору демөөрчүлөр тарабынан дагы алынаары күтүлүүдө.