POST1RIGHT
Талас облусунун Кара-Буура районунда 50 орундуу күндүзгү амбулатордук стационар ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүмү, жергиликтүү бийлик менен биргеликте Кызыл-Адыр айылынын орто мектебине 50 орундуу күндүзгү амбулатордук стационар ачты. Учурда бул иш-аракеттер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.