Жалал-Абадда төрт тамактануучу жайга айып пул салынды
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абадда төрт тамактануучу жайга айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечки саат 20:00дөн кийин иштеп жаткан коомдук тамактануучу жайларга, кафе-барларга, футбол аянтчаларына рейд жүргүзүлгөн. 

Текшерүү иштеринде жалпы 21 жай иштеп жатканы аныкталган. Рейд учурунда алардын баарынын иши токтотулуп, эскертүүлөр берилди. Төртөөнө айыппул салынды.