Кыргызстанда медицина кызматкерлери жетишсиз болууда
Новость www

Кыргызстан боюнча 200гө жакын реаниматолог обсервацияда болгондуктан медкызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда. 

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди. 

Анын айтымында, социалдык тармакта медкызматкерлер, анын ичинен реаниматологдун жетишсиздиги айтылып жатат. “Учурда эмгек өргүүсүндө жүргөн медиктер жумушка тартылууда”, - деди ал.